У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай окумуштуулары арбидол коронавирустан айыктырат дегенди четке какты

Кытай изилдөөчүлөрүнөн турган эксперттик топ COVID-19 вирусуна каршы атактуу дары-дармектердин пайдасын четке какты. Изилдөөнүн жыйынтыгы Cell Press басылмасынын Мed аттуу журналында басылып чыкты. 
Коронавируска каршы деген дары-дармектерди клиникалык сыноодо лопинавир+ритонавир жана арбидолдун коронавируска каршы күрөшүүдө пайдасыз экендигин аныктаган. 

«Биз лопинавир+ритонавир, арбидол да коронавирус менен ооругандардын абалын жакшыртпай тургандыгын, тескеринче башка оорулардын пайда болушуна себеп болуп, тескери эффект бериши мүмкүн экендигин аныктадык», — дейт Гуанчжоу шаарынын №8-элдик ооруканасынын инфекция боюнча оорулар борборунун директоруну орун басары Линхуа Ли (Linghua Li).
 
Аталган дарылар тестирлөө үчүн тандалып алынган. Себеби, 2020-жылдын 19-февралында Саламаттыкты сактоо Улуттук комиссиясы ушул дарыларды коронавирус илдетин дарылоо үчүн рекомендация берген болчу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter