У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Модель кыздын каты... “Атам мен байыган кезде кызым болчусуң деп издеп келиптир...”

 
“Бала кезимде апамдын кыйналганын көрүп  эрте эле кошо иштеп, акча тапкым келчү”
Атамды тааныбай, эстей албай чоңойдум.  Апам экөө мен төрөлгөндө эле ажырашып кетишиптир. Мен төрөлгөн кезде Советтер союзу урап, эл кыйналып турган учур болгондуктан апам аябай көп азап тартыптыр. Мени тай энеме таштап, Россияга барып иштеп жүрүп, сооданын көзүн тапкан кезде Казакстанга барып туруп калыптыр. Иши жакшы жүрүшө баштаганда мени алып кетиптир. Атам менден баш тарттым деп кол коюп берген экен. Казакстан биздин мекен болуп калды. Ошол жактан билим алдым. Бой тарта баштаганы апамдын кыйналып иштегенин көрүп, эртерээк эле кошо иштеп кетсем деп тилей берчүмүн.
 
“Модель болгум келчү...”
Апам ишке  кеткенде көбүнчө бакмачы менен калчумун. Телевизордон моделдерди көрүп аябай суктанаар элем. Апамдын бийик такалуу бут кийимдерин кийип, башыма китептерди тизип алып подиумда басып бараткандай ары-бери баса берчүмүн. Боюм узун болгондуктан модель болсом болот болуш керек деп ойлой берээр элем. Күндөрдүн биринде жарнамадан моделдикке кыздар керек деген жазууну окуп калып, мектептен чыгып алып барып көрдүм. Мени жактырып, контракт түзүүгө чакырышты. Апама кубанып айтып берсем, жактырбай аябай каршы болду. Ошентип андан баш тартууга туура келди. 1 жылдан соң ошол жактан таанышкан модельер эже өзү жеке салон ачканын айтып,  кийимдерин кийип, жарнамага чыгып бер деп калганынан макул болдум. Апама айтпай эле көйнөктөрүн кийип, съемкаларына бара бердим. Гонорар алганда гана апама айттым. Апам  сүрөттөрүмдү көрүп аябай кубанып, өзүңө жакса иштей бер деп уруксат берди. 

“Максаттарыма эрте жеттим...”
Ошентип моделдик бизнесим башталды. Баягы дүкөндүн жарнамасынан көргөндөн кийин көп агенттиктер иштешүүгө чакырышты. Бирөөсүнө макул болдум. Тынымсыз аракеттин акыбети кайтып, гонорарымдын баасы да өсүп, карьералык тепкичим бийиктей баштады. 18 жашымда дүйнөлүк сулуулар сынагына жолдомо алдым. Катыштым, бирок ийгилик жылмайган жок. Бирок ага кайгырган жокмун. Көп компаниялар менен иштешип, 20 жашка чыкканда Алматыдан үй алдым. Биздин турмушубуз түп тамырынан бери өзгөрдү. Апам мурда базарда соода кылса, азыр өзүнүн заманбап дүкөнү бар. Мен болсо өзүмдүн жеке моделдик агенттигимди, сулуулук студиямды жана кийим тигүүчү цехимди ачкам. Азыр эс алууга убактым жок, тытынып иштей турган чагым. 

“Атам мен байый электе издесе деле тапмак экен да...”
Бир күнү адаттагыдай эле ишке кирип келе жатсам, агенттиктин алдында бир киши туруптур. Өзүн тааныштырып “Сенин атаң болом, апаң өзү кетип калган. Ошол бойдон силерди таппай калгам” деп калды. Мага окшош экен...Атасыз канча түндөрүм ыза, куса менен өткөн...Эч нерсе айткан жокмун, өзүм байланышам деп номерин алып, ишке кирип кеттим. Ал күнү иштей алган жокмун. Жанымды бир жерге кое албай, абдан буулуктум. Эртеси чалып, жолугууга чакырдым. Апама бул тууралуу ооз ачкан жокмун.  Жакшы ресторандардын биринде түштөндүк. Көбүнесе апамды күнөөлөп отурду. Мен унчукпай угуп отурдум. Үйлөнүптүр, балдары бар экен, ооруп калдым дейт...Кыязы мени эмес, менин акчамды издеп келген өңдүү... “Эгер апаң кетип калбаганда өзүм бакмакмын, апаң баарына күнөөлүү, азыр абалым оор, кызым деп издеп келдим, жардам бере аласыңбы?” дейт... Ишнсеңиз мага ушунчалык жийиркеничтүү сезилди. Билбейм, атам менен жолугушуу мындай болот деп күтпөгөн чыгаармын... Унчуккан жокмун, жардам берем да, бербейм да деген жокмун. Тек гана байланышам деп кетип калдым... Мени апам жалгыз темтеңдеп багып жүргөн кезде ушинтип издеп келсе деле тапмак экен да... Мен байыганча издеп келсе деле тапмак турбайбы... Билбейм, сөзүм жок...Мындан аркы кадамым кандай болоорун билбейм...

Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter