У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жугуштуу илдеттен көз жумгандарды кантип жерге берип жатышат? Ырасында кантип берүү керек?

Адамзаттын тынч жашоосуна бүлүк салган апаат вирус дүйнө жүзундөгү миллиондогон адамдардын өмүрүн жалмап жатат. Жугуштуу илдеттен көз жумган жарандарды моргдон чыккан соң үйгө алып барбай, дароо көрүстөнгө алып барып, арыдан бери жерге беришүүдө. 

Жакындары менен коштошо албай калган айрымдар мындай шартта маркумду акыркы сапарга узаткандарына капа болуп, социалдык тармактарда өтө кейип, кээде нааразы да болуп жатышат. Анткени жугуштуу илдеттен көз жумгандар менен жүзүн ачып коштошууга, жууп, кепиндегенге болбойт. Жууп-тазалоо процедураларын медиктер даярдап беришет. 

Ал эми үйдө ооруп жатып көз жумгандар үчүн да эрежелерди так сактоо сунушталат. Мындан улам республикалык штаб коронавирустан жана пневмониядан каза тапкан жарандардын сөөгүн жерге берүү эрежелерин жарыялады.

Коронавирус же пневмониядан каза болсо эмнеге көңүл буруу керек:
  • Эгерде адам ооруканада көз жумса, тийиштүү процедураларды медиктер жүргүзөт. Алар маркумду көмүүгө толугу менен даярдап, жууп-кепиндеп кошумча полиэтиленге ороп берет. Өлүккананын короосунда эле жаназасы окулат. Ошол жерден дароо көрүстөнгө алып кетүү керек. Кепинге орогондон кийин аны кайра ачып, коштошууга болбойт.
  • Эгер адам үйдөн каза болсо, санитардык дарыгерлердин айтканын так аткаруу зарыл. Ошондой эле медициналык көрсөтмө боюнча дезинфекция процедураларын, өздүк гигиенаны сактап, бет кап жана кол кап кийүү кажет.

Башка сунуштар жана чектөөлөр:
  • Эгерде бир нече маркумдун сөөгү даяр болсо, баарына бир жаназа окуу жетиштүү болот;
  • Дарыгерлер коронавирустан көз жумган адамды жууп, атайын вирустан корголуучу материалдар менен ороп берген болсо, ошол эле жетиштүү. Аны кайра ачып, жууп-кепиндөөнүн кереги жок;
  • Жаназага катышуучулардын ортосунда социалдык аралык жана өздүк гигиена сакталышы зарыл. Тагыраагы, бет кап тагынып, аны эки саат сайын алмаштыруу шарт;
  • Респиратордук оорулардын симптомдору бар адамдар акыркы сапарга узатуу аземине катышпай эле койгону оң;
  • Сөөктү атайын адистештирилген транспорт менен ташуу керек;
  • Коронавирус жана пневмониядан каза болгондордун сөөгүн жалпы көрүстөндөргө коюуга тыюу салынбайт



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter