У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгер: "Хиджама COVID-19га жардам берет деп айта албайм"


Социалдык тармактарда хижама процедурасы коронавирус менен күрөшүүдөгү эң мыкты жардамчы деген маалымат тарап, аны интернет колдонуучулары активдүү бөлүшүп жаткан убагы. Аталган процедура илгертен колдонулуп келгени, бир топ ооруга дабаа экени көпчүлүккө маалым. Бирок учурда дүйнө элинин шайын оодарып жаткан коронавирус инфекциясына канчалык деңгээлде жардам бере алат? Дал ушул суроо менен "NUR MEDICAL" клиникасынын кардиологу Таалайгүл Айылчиевага кайрылдык.

- Таалайгүл айым, хиджама процедурасы коронавирус инфекциясы менен ооруган адамга миңдин бири дегенге кандай карайсыз?
  • Бул процедураны биринчиден бардык эле адамга жасай бергенге болбойт. Экинчиден COVID-19 вирустук инфекциясына жардам берет деп айта албайм. Хиджаманы кант диабети, жүрөк оорусу, аз кандуулук менен жабыркагандарга  жасоого болбойт. 
  • Коронавирус инфекциясы  тромбду  пайда кылат экен, ошондон улам бул процедура оорунун алдын алат деп да жатышат...
  • Хиджама процедурасы курч веноздук тромбозго жардам бере албайт, тактап айтканда ал тромбду эрите да, чыгара да албайт. Тромбго  антиагрегантная терапия гана жардам бере алат. Башкача айтканда дарыгердин сунушу менен тромбду эритүүчү "гепарин", "тромбо асс" сыяктуу дарыларды колдонуу керек. Бул дарыларды да өзүм билемдикке салып колдонууга тыюу салынат, бир гана дарыгер жазып бергенде колдонуу сунушталат. Андыктан өзүм билемдикке салып дарылануудан алыс болуңуздар.
Булак: fabula.kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter