У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


10-июлдан тартып Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат

10-июлдан тартып Ош облусуна кирип-чыгууга тыюу салынат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
 
Соңку эпидемиологиялык кырдаалга карата облуста төмөнкүдөй карантиндик чектөөлөр киргизилген:

- 10-июлдан облустар аралык каттамдар токтотулат;
- Ар бир райондун кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
- Базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү дезинфекциялоо үчүн жабылат;
- Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чараларды, аш-тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат. Жаратылышка эс алууга барууга да уруксат берилбейт;
- Ош облустук казыятка жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди;
 
Маалыматта: «Чектөөлөргө баш ийбей той-маараке өткөргөндөргө, дары-дармек жана азык-түлүктүн баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлө турганын облус жетекчилиги эскертти»-деп айтылат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter