У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаев: "Силер менен сүйлөшөбүз. Баарын көрүп жатабыз"


Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев дары каражаттарын алып сатуу менен алектенип жаткандарга кайрылып, мындай иштерге баргандар жооп бере турганын эскертти.

Түлөбаев маалымат жыйында азыр элди колдой турчу убак экендигин кошумчалады.

"Дары-дармектерди алып сатуу менен алектенип жаткандарга кайрылып кетер элем. Биз баарын көрүп жатабыз, бул күндөр да өтөт. Ошондо биз силер менен сүйлөшөбүз. Элдин арыз-муңунан, көз жашынан акча жасаганды токтоткула. Ар кандай имиштерди чыгарып, дары сатканыңарды койгула. Андан көрө элди колдогула. Убагы келгенде алар силерге ыраазы болот", — деди аппарат башчысы.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter