У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Минфин: "COVID-19 менен күрөшүүгө 3,8 миллиард сом жумшалат"


Республикалык бюджеттен COVID-19 менен күрөшүүгө 3,8 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.
Мекеменин маалыматына ылайык, эл аралык донордук жардамды алууга белгилүү бир мөөнөт талап кылынгандыктан, коронавирус менен күрөшүүгө өлкө казынасындагы акча сарпталат.

"Бүгүнкү күнгө чейин 1,8 миллиард сом кетти, эми калган эки миллиард сом жумшалат. Ал каражат министрлик, ведомстволордун бюджетинен, мамлекеттин бюджеттик резервинен, өзгөчө кырдаал үчүн эсептердин каражаттарынан жана республикалык бюджеттен алынат", — деп жазылган билдирүүдө.
 
Ошондой эле аталган министрлик коротулган 1,8 миллиард сом Саламаттык сактоо министрлигине, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, Күч түзүмдөрүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, жети облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, Өзгөчө кырдаал, өзгөчө абалда кыйын турмуштук кырдаалда калган жарандарды тамак-аш менен камсыздоо боюнча иш-чараларга, Кытайдан коронавирусту аныктоо үчүн 65 миң тест-система сатып алып, аларды Кыргызстанга жеткирүүгө, буудай сатып алууга Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна бөлүнгөндүгүн кошумчалады.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter