У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сеид Атамбаев пневмония менен ооруп жатканын кабарлады


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев ооруканада пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"УКМКга тергөөгө баргандан бир нече күн өткөндөн кийин менде алсыздык пайда болуп, муундарым ооруп, температура чукул көтөрүлүп, кечээ пневмония диагнозу менен ооруканага жаткырылдым" дейт Атамбаев. 

Ал УКМКнын кызматкерлерине жана укук коргоочуларга кайрылып, ооруканага барып анын тынчын албоону суранган.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканы маалым болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter