У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Боронов: «Кырдаал курч эмес облустардагы дарыгерлер борборго жардамга келишет»

Бардык медициналык кызматкерлер мобилизацияланат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 2-июлда брифинг учурунда билдирди.    

«Ысык-Көл, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын облусундагы дарыгерлерди мобилизациялоо чечимин кабыл алдык. Жогорудагы облустардан 100гө жакын дарыгерлер Бишкекке келип, бул жактагы дарыгерлерге жардам беришет. Алар жатакана, коргоочу кийимдер, айлык маяналар менен толук камсыз болот. Чакырылган дарыгерлердин алды бүгүн борборго келет. Мындан сырткары өлкөдөгү медициналык окуу жайлардын бүтүрүү курстарынын студенттери да жумушка тартылат. Алар кыска убакыттагы даярдоо курстарынан өтөт»,-деди Боронов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter