У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өзбекстанда 2 баштуу наристе төрөлдү

Өзбекстандын Самарканд облусунда 2 баштуу ымыркай жарык дүйнөгө келди. Кош бойлуулуктун 16-21-жумасындагы текшерүү учурунда сиам эгиздер экени аныкталып, ата-энесине ал туурасында маалымат берилген. Бирок алар баланы жарык дүйнөгө алып келүү чечимин кабыл алышкан. Бул тууралуу «Kun.uz» маалымат каражаты жазып чыкты. 
 
Облустук көп тармактуу медицина борборунун башкы дарыгери Дилшод Рахмановдун маалыматы боюнча, учурда ымыркайлар жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардан бир катар анализдер алынган. Ымыркайдын ички органдары экиден, жыныстык мүчөсү бир, башы экөө.
 
«Мындай оору дүйнөдө сейрек кездешет, 200-220 миӊ учурдан бир учур гана катталат. Бул оору менен төрөлгөн балдар көп жашашы мүмкүн, айрымдары 30-50 жашка чейин жашаган. Бирок бизде жаңы төрөлгөн ымыркайлардын абалы башка болгондуктан бир катар татаал анализдер алынат. Азыр балдардын абалы жакшы, тиешелүү медициналык жардамды алып жатат. Алардын ден соолугу үчүн болгон аракетти жумшайбыз»,-дейт Рахмонов.
 
Аталган медициналык борбордогу дарыгерлер мындай учурга биринчи жолу туш болуп жаткандыктан медицинасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдөгү дарыгерлердин жардамына муктаж.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter