У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айлыгымды жолдошум алат. Үй-бүлөдө казына кимдин колунда болушу керек?


Көп эле аялдар жолдошум мага акча берет, акчаны мен сактайм, үйгө керек нерсени өзүм эле билип ала берем деп айтып калышат. Аяштарымда деле ушул жаатта маселе жок. Бир эле биздин үйдө акча тууралуу ушундай талаш-тартыш чыга берчүдөй сезилет. Биз үйлөнгөндөн бери эле жолдошум менин айлыгымды бир сомуна чейин сурап, кайсы жакка коротуп жатасың, мен чечем, үйдө мен кожоюнмун, акча бир эле кишиде болушу керек дей бергенинен айлыгымды толугу менен өткөрүп берип салгам.

Жолдошум базарда соода кылат. Күндөгүсүн күндө таап көнүп калган. Мен болсо мектепте мугалиммин. Менин айлыгыма тийбейбиз, чогултабыз деп карточкамды алып алган. Аялдай болуп үйгө анча-мынча нерсени да өзүм сатып ала албайм. Азык-түлүктү да өзү алып келет. Мага күнүгө жол киремди, түштө тамактанууга ченеп тыйын берет да жумушуна кетип калат. Аялга тиешелүү майда-чүйдөдөн өйдө жолдошумдун уруксаты менен сатып алам. Мен мындай майдачылдыктан чарчадым. Жок дегенде өз акчамды өзүм алайын десем кадимкидей кызаңдап, үйдө чоң уруш чыгат. Ушундан улам сиздердин редакцияга (анонимдүү) кайрылууга аргасыз болдум. Элдин пикирин уккум келет. Негизи үй-бүлөдө казына кимдин колунда болушу керек? Балким меники туура эместир...

(Окурмандын каты)


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter