У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балыкчы шаарында 5 адамдан коронавирус аныкталды


Бүгүн, 27-июнга карата Ысык-Көл облусунда 5 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрилигинин брифингинде маалым болду.

Облустук штабдын маалыматына караганда, аталган 5 адамдын ичинен төртөө медицина кызматкерлери. Алардын бардыгы Балыкчы шаарынан.

Алар:

- реанимация бөлүмүнүн 1973-жылы туулган медайымы;

- 1971-жылы туулган лифтёр (аял киши);

- хирургия бөлүмүнүн 1952-жылы туулган медайымы;

- хирургия бөлүмүндө иштеген 1966-жылы туулган кызматкер;

Алардан анализ 21-июнь күнү алынган. Себеби ошол күнү оорукананын 1980-жылы туулган дарыгеринен илдет табылып, бардык кызматкерлер анализ тапшырган. Учурда илдет чыккандардын ичинен 1952-жылы туулган медайымы ооруканада дарыланууда. Себеби жаш курагы боюнча коркунучта. Калгандары симптомдор жоктугунан улам алгоритмдин негизинде үй шартында дарыланышат.

Ошондой эле медицина кызматкерлери менен байланышта болгон 1985-жылы туулган адамдан (эркек киши) коронавирус табылды. Анын дене табы бир аз көтөрүлүп жаткандыктан ооруканадан дарыланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter