У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты


 24-июнда Орусияга парадка катышуу үчүн барган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска кайра анализ тапшырып, мамлекет башчынын Бишкекке келгенден кийин вируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
 
“Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат. Президент Сооронбай Жээнбеков обочолонуу шартында ишин улантат”, – деп билдирди Стамалиева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter