Нарын облустук оорукананын бир нече бөлүмү жабылды
- 28.05.2020, 10:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Коронавирус илдетинин курчуп кеткендигине байланыштуу Нарын облустук бириктирилген оорукананын бир нече бөлүмү убактылуу жабылганын аталган облустун башчысы Эмилбек Алымкулов билдирди.
"
Ушул тапта психонаркология, терапия, неврология жана балдар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Ал эми кардио-пульмонология, травмотолия, хирургия, жугуштуу оорулар, реанимация жана төрөт бөлүмдөрү, лабораториялар иштеп жатат. Дарыгерлер менен кеңешип, тургундар өмүргө өтө коркунуч келтирбеген оорулар боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна кайрылса болот", — деди Алымкулов.
Ошондой эле ал облустук оорукананын айланасы толугу менен курчалганын айтып, адамдар, унаалар өтө зарыл иштер менен гана кирип жатканын белгиледи