У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дарыгерлер чарчады...Жаңы резерв топтоо пландалууда


Пандемия жарыялангандан тарта күнү-түнү иштеген дарыгерлер чарчап,  шайы кеткиче иштеп, ооруга өзүлөрү да көп чалдыга баштаганы жалпы саламаттык сактоо системасынын ишине залакасин тийгизүүдө. Бул тууралуу 26-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүп, аларды окутуу эң башкы маселелердин бири болуп жатканын айтты. Тез арада медициналык окуу жайында иштегендерден, ординатурада, интернатурада окуп жаткандардан медицина адистерин даярдоо милдети коюлду. Мындай иш Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Кубатбек Боронов «Саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилинде оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү» деди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter