У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ак үйдүн алдында интернетти чектөөгө каршы акция өтүп жатат


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында ушу тапта сөз эркиндигин жана интернетти чектөөгө каршы митинг өтүп жатат. Бул иш-чараны уюштуруу демилгеси акыркы күндөрү социалдык тармактарда көтөрүлүп, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана катардагы жарандар бүгүн чогулууну чечишкен.

Алар эгер парламентте талкууланып жаткан мыйзам кабыл алынса, интернетте өз пикирин ачык айтып чыккан адам экстремист деп таанылып, ага чара көрүлүшү ыктымал экенин белгилешти.

Пикетте "Мен фейк эмесмин!", "Сөз эркиндиги үчүн!", "Бул мыйзам эмес, бул - плагиат!", "Элге каршы депутаттар кетсин!", "Бийликти узурпацияга жол бербейбиз!", "Эгер Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы кабыл алынса, биз экинчи Түндүк Кореяга айланабыз!" деген сөздөрдү айтып жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter