У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мындан ары алимент төлөөдөн качкандар өлкөдөн чыгарылбайт...ЖКда алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу боюнча мыйзам долбоору жактырылды


Ажырым жолго түшкөн соң коколой башын багып кете албай, өз канынан жаралган балдарын аялына же күйөосунө таштап кенен-чонон басып кеткен кайдыгер жарандар үчүн Жогорку Кеңеш “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Айсулуу Мамашова долбоор жашы жете элек баланы багуу үчүн жетиштүү алименттерди туруктуу төлөөнү камсыз кылуу боюнча чараларды карай турганын айтты. Бул алиментти толук өлчөмдө ала албай жаткан балдардын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле курагына ылайык балага жашап туруу минимумуна керектүү ата-эненин иштеп тапканына же башка кирешесине карата үлүштүк деңгээлде өндүрүп алынуучу алименттин төмөнкү өлчөмү белгиленген.

Андан тышкары, карызкордун өзүнүн алименттик милдеттенмелерин аткаруу максатында сот аткаруучусу тарабынан карызкордун сыртка чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтомду чыгаруусу үчүн мөөнөттү белгилөө ушул долбоордо каралган негизги нормалардын бири болуп саналат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter