У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таласта төрөт үйүнөн коронавирус чыгып, убактылуу жабылды


Талас облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлеринин биринен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин Таластагы координатору маалымат булактарына билдирди. 

Мындан улам төрөткана бүгүн, эртең дезинфекция иштери үчүн жабык болоору маалым болду. 

"Бир дарыгерден COVID-19 илдети табылгандан кийин андагы кызматкерлердин баарынан ПЦР-анализдер алынды, азыр баарынын эле анализдери таза чыгып жатат. Оору жуктуруп алган дарыгер дарыланууда, ал эми калгандары обочолонуу үчүн үйлөрүнө жөнөтүлдү. Ооруга чалдыккан кызматкердин байланышта болгон адамдарынын баары аныкталып, анализ тапшырышты, чогуу бир бөлмөдө отургандар 14 күнгө карантинге алынды. Бүгүн, эртең төрөт бөлүмүндө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт", - деди ал.
Анда белгиленгендей, облустук төрөт бөлүм иштегенге чейин райондордогу төрөтканалар энелерди кабыл алат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter