Таласта дагы эки кишиден коронавирус аныкталды. Анын бири буга чейин вирус жуктурган медиктин жолдошу болсо, экинчиси кошунасы.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
"Таласта бир гана медиктен коронавирус аныкталган. Андан соң аны менен байланышта болгон адамдардын баары текшерилип, бүгүн медиктин жолдошу менен кошунасынан COVID табылды. Эми алар менен байланышта болгон адамдардын баарынан анализ алынып жатат. Медицина кызматкери да бир топ адам менен байланышта болгон. Бир эле адам жүздөгөн киши менен байланышып, анын баарын текшерүүгө туура келип жатат", — деди Үсөнбаев.