У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Атам менен апам ажырашып кеткен. Чоң энем: "Турмушка чыксаң өз апаңды чакырбайбыз, өгөй энең тойго барат дейт...""


Атам менен апамдын ажырашканына 5 жыл болду. Үч бир тууганбыз. Алар ажырым жолго түшкөндө 2 иним апам менен кетишкен. Мен болсо үйдүн улуу кызы болгондуктан чоң энем менен чоң атам 7 айымда эле багып алышып, ата-энем менен чогуу өскөн жокмун. Балким ошол себептенби, өз ата-энеме байке, жеңеге мамиле кылгандай эле өтө жакын боло албай бой тарттым. Үйлөрүнө алып барышса чоң атам менен чоң энемди сагынып ыйлай берчүмүн. Ошол себептен мени өздөрүнө ала алышпаса керек.

Кийин экөө ажырышып кетишти. 2 инимди апам алып кетип калды. Атам 1 жылдан кийин кайрадан үйлөнүп, кыздуу болду. Апам болсо башка шаарда турат. Мага бир канча жолу келди бирок чоң энем ыйлап кетирбей койду. Мен деле кетейин деген оюм жок эле, себеби өз апама анчейин батына албайм. Апамды ичимден жаман көрүп чоңойгонумдун  бирден бир себеби чоң энемдин тынымсыз жамандай бергени болсо керек деп ойлоп коем.

Чоң энем атам менен апамдын чогуу жашашын каалачу эмес. Анын айтымында апам атамдын теңи эмес, кедей үй-бүлөнүн кызы, тилдүү жана башка себеби көп...Айтор өз апамдан алыс өсүп калганыма ичим ачышат. Турмушка чыксаң апаңды чакырбайбыз, өгөй апаң эле барат деп чоң энем азыртан эле кулагымды бышырып жатат. Айтор абалым оор, жан дүйнөмдө тынчтык жок...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter