Дагы 26 медкызматкер вирус жуктуруп алды
- 22.06.2020, 11:11,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
22-июнга карата акыры бир сутка ичинде өлкө боюнча 26 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Алар: Бишкек шаарында– 6, Чүй облусунда– 3, Ош шаарында– 2, Ош облусунда-4, Баткен облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 2, Талас облусунда – 1 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус илдетин жугузуп алган медицина кызматкерлердин саны 582ге жетти, алардын ичинен 387 медкызматкер айыгып чыкты.