24 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды
- 19.06.2020, 10:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Алар: Бишкек шаарында -7, Чүй облусунда-8, Ош шаарында-3, Ош облусунда-1, Нарын облусунда – 3, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 1 учур.
19-июнда стационарлардан 8 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алган медкызматкерлердин саны 533гө жетти, алардын ичинен 381 медкызматкер айыгып чыкты.