22-июнда коронавирус илдетинен дагы 3 адам каза болду
- 22.06.2020, 10:24,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус илдетинен дагы 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу 22-июндагы брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын бири, Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк ооруканасында дарыланып жаткан, экинчи бейтап Талас облусундагы аймактык ооруканада каза болгон. Ал эми үчүнчү киши Ноокендеги ооруканада кайтыш болду.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус илдетинен каза болгондордун саны 40 адамга жетти.