Жалал-Абад шаарынын мэри вирус жугузуп алды
- 19.06.2020, 11:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев коронавирус жугузуп алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз борбору кабарлады.
Мэрдин вирус жуктуруп алганы 17-июнда аныкталган. 18-июнда мэриянын бардык кызматкерлери ПЧР анализ тапшырып, учурда жыйынтыгын күтүп жатышат. Мэриядагы кызматкерлер кадимки тартип менен иштеп жатышат, кандай чаралар көрүлө турганы эми айтылат.