19-июнда 132 адамдан вирус табылды, 28 бейтап айыкты
- 19.06.2020, 10:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда 132 адамдан вирус табылып, 28 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19 -июнда билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-48, Ош облусунда-12, Ош шаарында-13, Чүй облусунда-38, Жалал-Абад облусунда-11, Талас облусунда-4, Нарын облусунда-6 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча вирус жуктуруп алган адамдардын саны 2780ге жетти, анын ичинен 1961 бейтап айыгып чыкты, 32 адам каза болду.