У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурболот Үсөнбаев: "Инфекция элди аралап кетти.Кайдан жукканын билинбей калгандар көп"


Акыркы сутка ичинде коронавирус жуктурганы аныкталган 95 адамдын ичинен 36сы илдетти кантип илештирип алганын билбейт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун барасы Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
95 кишинин ичинен 57 адам оорулуу менен байланышта болгондор катары көзөмөлдө тургандар. Төртөө сырттан келгендер. Калган 35 кишинин вирусту жуктуруп алган жерлери такталып жатат.
 
"Вирустун кайдан жукканы билинбей калган учурлар дагы болууда. Бул инфекция элди аралап кетти дегенди түшүндүрөт. Албетте, биз бардыгын тыкыр көзөмөлдөп турабыз. Бирок жарандардын жоопкерчилиги дагы керек", — деди Үсөнбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter