У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


14 жашар кызды зордуктоого шектелген жаран кармалды

Өткөн түнү өспүрүм кызга кол салып, изин жашырып жүргөн 24 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
 
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына айыл тургунунан өткөн жылдын 14-декабрында арыз түшкөн. Даттануучу анын бойго жете элек кызын Максат аттуу киши автоунаанын ичинен күч колдонуп зордуктаганын айткан.
 
Анда зордуктоо фактысы каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
 
"24 жаштагы шектүүнүн ким экени аныкталган. Бирок ал таптырбай, издөө жарыяланган. 16-июнь күнү милицияга анын кайда жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.
 
Шектүү Бишкек шаарында кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter