У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Штаб: Акыркы күндөрү вирусту каяктан, кантип жуктуруп алганы белгисиз болгон учурлар көп катталууда

Бүгүн, республика боюнча вирус жуктуруп алган 87 адам катталды. Анын ичинен 23 учурдун вирусту жуктуруп алуу булактары белгисиз болуп жатканын 15-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. 
 
«Акыркы күндөрү вирусту кайдан, кантип жуктуруп алгандары белгисиз болгон учурлар көп каттала баштады. Алар базарларга, эл көп топтолгон коомдук жайларга барганын, коомдук транспортторго түшкөнүн айтышууда. Эгер зарылчылык болбосо коомдук жайларга барбай турууну жана коомдук транспортто санитардык талаптарды сактоону, бет кап тагынууну эскертип кетебиз»-деди Үсөнбаев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter