У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн Нарында вирус жуктургандар катталган жок. Айыккандардын көбү Нарындан


Жакшы кабар. Нарын облусу боюнча акыркы суткада 1 дагы адам вирус жуктурган жок. Кыргызстанда 22 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылса, 13ү Нарындан.  Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айытымында, Нарын облусунда 13, Бишкек шаарында жети, Чүй менен Ош облусунда бирден бейтап ооруну жеңип чыкты.
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктурган 1813 бейтап сакайды. Ал эми ооруга чалдыккандардын жалпы саны 2372 адамды түзөт. Тилекке каршы, 27 адам каза болуп калды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter