У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустан дагы бир адам каза болду

Коронавирус илдетинен Ошто дагы бир жарандын каза болгонун саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 13-июнда онлайн брифинг учурунда билдирди. 
 
«Тилекке каршы, биздин дагы бир 1962-жылы туулган жараныбыз коронавирус илдетинен каза болду. Ал Оштогу ооруканалардын биринде медициналык жардам алып жаткан. Маркум адегенде жеке менчик медициналык мекемеден амбулатордук жардам алып турган, абалы оорлошкондо бизге кайрылып, биздин мобилдүү топ барып, «Тез жардам» менен Оштогу ооруканага алып келип, тиешелүү жардам көрсөтүшкөн Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, анын оорусу курч мүнөздө болуп, дем алуусу кыйындап, дем жетпей кайтыш болду»,-деди Үсөнбаев.
 
Жалпысынан коронавирус илдетинен өлкө боюнча 27 адам каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter