Дагы алты медицина кызматкери вирус жуктуруп алды
- 12.06.2020, 12:31,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
12-июнга карата акыркы бир сутка ичинде республика боюнча 6 медицина кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламатыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алар: Бишкек шаарынан -4, Чүй облусунан-2 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча коронавирус илдети менен 425 медицина кызматкери ооруп, алардын ичинен 321 медкызматкер айыгып жумуштарына чыкты. Эки дарыгер кайтыш болду.
Өкмөт вирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго 1 миллион сом төлөп берет.