У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Журналистке күч колдонгон жаран кармалды

Бүгүн, 11-июнда июнда Бишкектеги “Кайнар” ресторанынын алдынан “Kaktus.media” сайтынын кабарчысына карата күч колдонгон жарандын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин маалымат кызматынан билдирди.
 
«Кайнар» ресторанында саясатчы Өмүрбек Бабановдун эжесине куран окутууга көп адамдын келгенин, алардын арасында жогорку кызматтагылар, депутаттардын да бар экенин коомчулукка жеткирүү максатында ал учурду сырттан видеого тартып жаткан журналистке белгисиз жаран тоскоолдук жаратып, күч колдонгон.
 
Маалыматка ылайык, журналист милицияга арыз менен кайрылып, милициянын ыкчам издөө иштеринин натыйжасында күч колдонгон жаран кармалды. Ал 1988-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаран экени аныкталып, Октябрь райондук милиция бөлүмүнө алынып келинди.
 
Бул факт КЖБРге “майда бейбаштык” беренеси менен катталып, денесине залал келтирилгени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter