У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Санитардык эрежелерди сактабаган 700гө жакын мекемеге айып пул салынды


Учурда бир топ тармактын иши жанданып, кадимки тартипке иштей баштады. Бирок алар санитардык талаптарды толугу менен аткарууга тийиш эле. Кырдаал күчөп турганына карабай талапты аткарбагандар да арбын болууда. Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча санитардык ченемдерди сактабагандыгы үчүн 680 мекеменин ээлерине 900 миң сомдон ашык суммага айып салынды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коопсуздук чараларын бузгандыгы үчүн 680 объекттин ээлерине жалпы суммасы 977 миң сомго айыптар салынган. 15 материал баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

1-майдан 22-майга чейинки аралыкта өлкө боюнча жалпы 6891 объект текшерилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter