М. Мураталиев: «Санитардык талаптарды сактабагандыктан улам вирус жайылса, базарларды, коомдук жайларды жабууга укугубуз бар»
- 11.06.2020, 15:15,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Талас облусунда эпидемиологиялык абал күчөп кетсе базарлар, коомдук жайлар кайра жабылышы мүмкүн экендигин 11-июнда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифинг учурунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Эгер санитардык нормалар сакталбай, айтылган талаптар аткарылбай, натыйжада вирустун жайылуусу келип чыкса, коомдук жайларды, базарларды жабууга укугубуз бар. Ошондуктан эл массалык түрдө топтолгон жерлерде санитардык эрежелер сакталышы керек»,-деди Мураталиев.
11-июнда Талас облусунан 3 адамдан вирус аныкталды.