У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин бүтөөрү менен баары эле ишке чыкпайт. Кайсы тармактар ишти биринчи баштаары белгилүү болду


Бүгүн, 24-апрелде брифингде комендант Алмазбек Орозалиев өзгөчө абал режими 30-апрелде аяктаса биринчи кезекте кайсы тармактардын ишмердүүлүгүнө уруксат бериле турганы тууралуу маалымат берди. 

Негизи атайын анализ жүргүзүлүп, жыйынтыгында жарандар күнүмдүк кирешесин таба турган тармактарга артыкчылык берилгендигине токтолду.

«Алар курулуш тармактары, унаа оңдоочу жайлар, желимдөөчү жайлар, такси кызматы. Бирок бардык эпидемиологиялык эрежелер бекем сакталып, бир унаада экиден ашык адам болбошу керек. Ушул тармактардагы ишмердүүлүктөрдү карайбыз», - деди комендант.

Ошондой эле бет кап тагынуу, адамдардын ортосундагы аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелер сөзсүз аткарылышы керектигин белгиледи.

Эске салсак, өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Ат-Башы, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда жарыяланган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter