12-май, дагы 21 кишиден вирус табылды. Көбү Бишкектен...
- 12.05.2020, 10:22,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бүгүн дагы 21 кишиден коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Анын 10у Бишкекте болсо, бирөө Чүйдө, үчөө Жалал-Абадда, жетөө Нарын облусунда. 21 кишинин экөө Россиядан, бирөө Дубайдан келген" деди Үсөнбаев
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1037 болду.