Чечме айылындагы жаӊжалда жаракат алган кыргызстандын жараны каза болду
- 10.06.2020, 16:10,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнө караштуу Чечме айылында болгон жаӊжалда жаракат алган А. Акынов ооруканада каза болду. Бул тууралуу «Turmush» жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып жазды.
Маалыматка ылайык, Айтбай Акынов 31-майда булакты тазалап жаткандарга азык-түлүк жеткирип барган. Ал барган учурда өзбек жарандары таш ыргытышып, жаракат алгандар менен бирге аны Айдаркен шаардык ооруканасына жеткиришип, жандандыруу бөлүмүндө 10 күн жаткан. Маркум бүгүн, 10-июнда ооруканада каза болду. Ал 49 жашта болгон. Артында 2 уул, 1 кызы калды.
Ал эми Айдаркен жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Эмилбек Сулайманов анын Чечме айылындагы тополоңго катышпагандыгын, ал ден соолугуна байланыштуу ооруканага жатканын, экинчи жолу алган инсульт оорусунан улам каза болгонун маалымат каражаттарына билдирди.
Эске салсак, 31-майда саат 12:00-13:00 чамасында Кадамжай районунун Бирлик айыл өкмөтүнүн Чечме айылында кыргызстандын жарандары менен өзбекстандын жарандарынын ортосунда булак талашуудан улам чыр чыгып, ал таш ыргытуу менен коштолгону кабарланган.