У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргыз-өзбек чек арасында чыр чыкты


Кадамжайдын Айдаркен шаарындагы Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы жашоочулар арасында чыр чыкты.  Чырга Баткендин Кадамжай районуна караштуу жерде Чечме деген булак талаш себеп болгон. Эки тараптан тең жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча жок. Социалдык тармактарда тараган видеолордон топтолуп турган элди, кыйкырып, айтышып жаткандарды көрүүгө болот.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров талашка түшүп жаткан булак тактала элек жер тилекеси экенин маалымдады. 

"Кыргыз-өзбек чек арасында Кадамжай районуна караштуу Чечме деген булак бар. Жыл сайын эки өлкөнүн жарандары бул булакты тазалап турушат. Бул жолу эки тарап айтышып, уруша кетишкен экен. Бири-бирине таш ыргытышкан. Жергиликтүү бийлик жеринде чырдын себебин тактап жатат. Ал тактала элек чек ара тилкеси болуп саналат. Бул булакты эки тарап тең пайдаланып келет. Ошол себептен бул жерде чыр жыл уланбай чыгып турат. Бирок кооптуу жагдай түзүлө турган абалга келишине жол берилбейт" , - дейт Мадумаров.  




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter