У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чек арадагы жаңжалда жаракат алган эки адамдын абалы оор…

31-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда чек арада чыккан жаӊжалда 25 адам жаракат алып ооруканага кайрылган. Эки адамга операция жасалып, абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламатыкты сактоо министрлиги билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, жаракат алган 25 киши Айдаркен шаардык ооруканасына кайрылган. Төрт адам стационарга дарыланууга жаткырылган, анын экөөнө операция жасалып, оор абалда экени айтылат. 
 
Эске салсак, 31-майда  Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавынын Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытышкан. Чыр булак талашуудан келип чыккан.  
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter