У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош базарынан вирус чыкты, базар карантинге жабылабы?..

Бишкек шаарындагы «Ош» базарынан коронавирус чыкты. Буга байланыштуу жакынкы күндөрү базар дезинфекциялоо үчүн жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу 10-июнда брифингде вице-мэр Азиз Алымкулов билдирди. 

«Учурда «Ош» базарын карантинге жабуу сунуштарды каралууда. Жакынкы күндөрү базардын качан жана канча күнгө жабылары чечилет. Эгер вирус дагы катталса анда базарды жабууга аргасыз болобуз»,- дейт вице-мэр. 

Эске салсак, 10-июндан 13-июнга чейин "Орто-Сай" базары дезинфекциялоо үчүн жабылган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter