У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекет коррупциядан 10 миллиард сом зыян тарткан…


Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен аёсуз күрөшөм деген эле. Тилекке каршы, жыйынтык чеке жылытпайт. 

Мына Кыргызстанда 2018-жылдан бери коррупциялык иштерден мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 10 миллиард 424 миллион 379 миң сомго жеткенин УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жетекчисинин орун басары Талантбек Кожонов 5-июнда маалымдады.
 
Бул зыяндын 10% гана мамлекетке кайтарылыптыр. Башкача айтканда, 1 миллиард 220 миллион 42 миң сому өндүрүлүптүр. Кызыгы, Бирдиктүү депозиттик эсепке 477 миллион 900 миң сом которулуптур. Калганы кайда кеткен деген суроо жаралат. 

Жалпысынан 2018-2020-жылдар аралыгында коррупция боюнча 940 кылмыш иши козголгон. Анын 410у - кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактысы, 104ү «Пара талап кылуу», «Пара алуу», 35и «Коррупция»…

Коррупциялык иштердин дээрлик көбү ички иштер органдарында - 106, Мамлекеттик каттоо кызматында - 104, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - 94, Мамлекеттик бажы кызматында - 59, Мамлекеттик салык кызматында - 44, сот органдарында - 37 кылмыш аныкталган...


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter