Коронавирустан 24-бейтап каза болду
- 09.06.2020, 10:36,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өлкөдө коронавирус илдетине кабылган бейтаптардын бири каза болду. Маалыматты бүгүн, 9-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.
Ош шаардык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 1973-жылы туулган аял киши каза болду.
"Буга чейин ал облустук оорукананын гемотология бөлүмүндө химиотерапия алып жаткан. Бейтаптын бөйрөктөрү жабыркаган. Андан 31-майда коронавирус аныкталып, Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Инфекция аныкталгандан кийин бейтаптын жогорудагы илдеттери курчуп, көрүлгөн жардамдарга карабай 8-июнда каза болду", - деди Үсөнбаев.
Өлкөдө илдеттен каза болгондордун жалпы саны 24кө жетти.