Быйыл Кыргызстандын тышкы карызына 28.8 млрд сом сарпталат …
- 04.03.2020, 11:37,
- Экономика / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Финансы министрлиги мамлекеттик карызды төлөөгө февраль айында республикалык бюджеттен 2 млрд 797.9 млн сом сарпталганын билдирди.
Анын ичинен ички карызды жабууга 1 млрд 863.9 млн сом, тышкы карызды жабууга - 934 млн 42.6 миң сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, мамлекеттик карызды тейлөөгө январь айына салыштырмалуу 9.1% же 234 млн сомго көп каражат жумшалган. Каражаттын көпчүлүк бөлүгүнө тышкы карыз төлөнгөн.
Кошумчалай кетсек, жылдын башында финансы министрлиги 2020-жылы Кыргызстандын тышкы карызына 28.8 млрд сом бөлүнөт деген маалымат берген.