У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус улгайгандар үчүн кооптуу!!! Кыргызстанда да 50 жаштан өйдө адамдар көтөрө албай калууда


Апаат вирус пайда болгондон тартып эле жашы өйдөлөп калган адамдар үчүн кооптуу экенин дарыгерлер эскертип келишет. Тилекке каршы бул жугуштуу илдет биздин өлкөгө да жетип келип, айлабызды алты кетирип жаткан чагы. Аты жаман бул вирус тилекке каршы жашы өйдөлөп калган адамдарды буттан чалып жаткан убагы. Тагыраак айтканда Кыргызстанда акыркы суткада көз жумган адамдардын бири 55 жашта болсо, бири 84 жашта болгон. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Бишкектеги Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан 55 жаштагы эркекте өнөкөт гепатохолецистит жана боордун дистрафия оорулары болгон. Ошондой эле ага эки тараптуу пневмониянын оор өтүшү, дем алуунун жетишсиздиги, курч кармаган дем алуу дистресс синдрому деген диагноздор коюлган. Абалы начарлагандыгына байланыштуу 2-майда реанимация бөлүмүнө которулган болчу. Ал эми Нарында көз жумган 84 жаштагы аял буга чейин бөйрөгүнөн операция болгон. Ага пневмония, дем алуунун үчүнчү даражадагы жетишсиздиги диагнозу коюлган",— деп айтылат маалыматта.

Эки бейтап тең дарыгерлердин дарылоо аракетине карабай каза болгон. Буга чейин каза болгондордун да курагы 50 жаштан өйдөгү инсандар. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter