Коронавирус дагы 6 медицина кызматкеринен табылды
- 05.06.2020, 10:57,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
5-июнда Кыргызстанда дагы алты медицина кызматкеринин вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.
Алар: Бишкек шаарында-2, Ош шаарында-1, Нарын облусунда-3 учур.
Жалпысынан өлкө боюнча 378 медицина кызматкери вирус жуктуруп алганы аныкталды, анын ичинен 272и айыгып кайра жумушка чыкты, эки дарыгер каза болду.