Т. Тиллаев, депутат: «Бала бакчалар ата-энелерден балдарын коронавируска тест тапшыртууну талап кылууда»
- 04.06.2020, 13:00,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бала бакчалар ата-энелерден балдарын коронавируска тест тапшыртууну талап кылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин 4-июндагы жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
«Бишкек шаарында райондук администрациялар бала-бакчада иштеген кызматкерлерди жана бакчага барган балдарды коронавируска анализ тапшыргыла деп талап коюп жатышыптыр. Бул туура эмес. Тесттин баасы 2300 сом болсо, эки айдан бери толук кандуу иштей албай отурган жарандарыбыз баасы кымбат тесттен кантип өтөт. Мага бул суроо боюнча көп ата-энелер кайрылышууда», — дейт депутат.