У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШда ак түстүүлөр афро-америкалыктардан тизе бүгүп кечирим сурашты.

АКШда ак түстүү жарандар афро-америкалыктардан тизе бүгүп кечирим сурашты. Буга Афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болду.

Кыйын кырдаалга кошул-ташыл болуп, АКШ акыркы күндөрү оор күндөрдү баштан кечиришүүдө. Канча жылдан бери расалык бөлүнүү тынчып турган учурда Афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин  бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык толкуну башталып кетти. Каршылык жүрүштөрү кеминде 30 ири шаарда өтүп, өлкө  бир топ чыгымга дуушар болду. 



Эскерте кетели, интернетке полиция афро-америкалык жаранды  тизеси менен муунтуп турган видео тараган. Видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат. Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөрү башталган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter