У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткендеги чек арадагы жаңжалда ок тийген бир аскердин абалы оор


Саламаттык сактоо министрлигинин облустагы координатору Арзыбек Бөрүбеков  Кыргыз-тажик чек арасындагы 8-майда болгон жаңжалда ок тийген, Баткен облустук ооруканасында реанимацияда жаткан бир аскердин абалы оор экенин билдирди.

Бул тууралуу: "Бир ок алынды. Он биринчи омурткасында бир ок турат. Октон жүлүн жабыр тарткан", - деп айтты.

Бөрүбеков операция учурунда аскер көп кан жоготконун белгилеп, ага кан куюлуп, тийиштүү дары-дармектер менен камсыздалганын кошумчалады.

Ошондой эле көкүрөгүнө, колуна ок тийген эки жоокерге медициналык жардам көрсөтүлдү. Алар Травматология бөлүмүндө жатышат, абалдары жакшы.

Жергиликтүү тургундардын бири да бетинен жараат алган. Ал амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter