У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Юлдуз Усманова кайрадан чырдын үстүндө...


Өзбек ырчысы Юлдуз Усманова кайрадан чырдын чордонунда. Эл артисти укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен түнкү саат 12ден кийин кайрымдуулук жүгүн Сырдарыя облусуна чейин коштоп баруусун суранган. Анын суранычына милиция кызматкерлери эрежеге ылайык Сырдарыя облусуна күндүзгү убакта гана барууга боло турганын айтышкан. Ошондон кийин ырчы Инстаграм баракчасында түз эфирге чыгып, анда укук коргоо органдарын шылдыңдаган.

Мындай жоругу үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдары ырчы Юлдуз Усманованын аракеттерине укуктук баа бере турган болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМинин билдирүүсүнө таянып өзбек басылмалары жазып чыгышты.

"Ырчы өлкөнүн мыйзамына ылайык жазага тартылат. Учурда жагдай иликтенип жатат, – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Юлдуз Усманова Сырдарыя облусундагы дамба жарылганынан улам жабыр тарткандарга элден жардам чогултуп, аны коштоп барууга милициядан жардам сураган. Ырчы ал жардамды тез арада жеткирүүнү талап кылып, бирок түнү жөнөтүүгө уруксат ала алган эмес. Мына ошондон кийин ал милиция кызматкерлерин сыйга татыктуу эмес экендигин Инстаграмда түз эфирде айтып чыккан.

“Силер коркоксуңар. Иштешиңер үчүн клизма кылыш керекпи? Тфу силерге”, – деген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter