У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коменданттык саат алынып, байкерлер түнкүсүн жарыш уюштурушууда


Комендаттык саат алынгандан бери шаар тургундарында уйку жок. Байкерлер түнкүсүн жарыш уюштуруп, элдин тынчытыгын бузушкандыктан шаар тургундары милицияга кайрылууга аргасыз болушкан. 

Бишкек шаардык ИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгынын инспекторлору байкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу башкармалыктан билдиришти. Жолугушууга Кыргызстандын мотоциклчилер коому катышты.

Маалыматка караганда, өзгөчө абал режиминин алкагында жарыяланган коменданттык саат жоюлгандан бери мотоцилкчендер шаардын чоң көчөлөрүндө түнкүсүн жарыш уюштуруп, коомдук тартипти бузуп келишет. Ал тургай жол кырсыктары болгон учурлар дагы катталганы айтылды.Инспекторлор байкерлерди жолдо жүрүү эрежелерин сактоого чакырды. Ошондой эле алар түнкүсүн жашоочулардын тынчын алып жарыш уюштурууну уланта берсе, мыйзам чегинде жазаланары эскертилди.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter